Ошто кароосуз калган жер гүл сатуучу базарга айланды (видео)

Ош шаарында кароосуз калган жер гүл сатуучу базарга айланды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда калаа мэриясы билдирди.
Андагы маалымат боюнча, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин буга чейинки рейддик кыдыруусунун жыйынтыгында Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан гүл сатуучу жайлар жана соода түйүндөрү алынып, гүл базарды Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрдын жанына көчүрүү тапшырмасы берилген.
"Бир кезде кароосуз калып, таштандыга толгон бул аймак бүгүн таптакыр башка өң-түс алды. Кыска убакыттын ичинде заманбап талаптарга жооп берген жаңы гүл базарынын имараты тургузулуп, пайдаланууга берилүүдө",- деп билдирди мэрия.
Ошто кароосуз калган жер гүл сатуучу базарга айланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан