Жаңы жыл түнү коомдук транспорт узартылган график менен иштейт

Бишкекте 31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорт түнкү саат 2:00-3:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Негизги каттамдарда 300дөн ашык автобус каттамга чыгат. Кабыл алынган чаралар жүрүүнүн ыңгайлуу шарттарын түзүүгө жана жаңы жылдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти сактоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан