
Калкты тейлөө борборлору 31-декабрга чейин кадимки тартипте, тагыраагы жумуш убактысы кыскартылбастан иштейт. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси маалымдады.
Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 11-январына чейин КТБлар, Нике каттоо сарайлары жана чет өлкөлүк жарандарды тейлөө бөлүмдөрү иштебейт. Ал эми 12-январдан тарта бардык бөлүмдөр штаттык режимде ишин улантат.
Мындан улам мекеме жарандарга төмөнкүлөрдү сунуштады:
- зарыл болгон документтерди өз убагында тариздөөнү;
- каттоонун мөөнөттөрүн текшерүүнү (чет өлкөлүк жарандар үчүн);
- чет өлкөгө чыгуудан мурун паспорттордун жарактуулугун текшерүүнү.
Онлайн кызматтарды «Түндүк» порталы жана мобилдик тиркеме аркылуу алса болот. Колл-борбор: 119 (акысыз)