Өлкөнүн "Эң таза шаары" жана "Эң таза айыл аймагы" аталды (сүрөт)

Бүгүн, 29-декабрда "Эң таза шаар" жана "Эң таза айыл аймагы" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Иш-чарага жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Министрликтен билдиргендей, "Эң таза айыл аймагы" Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айыл аймагы аталды. Аларга Шумкар маркасындагы автоунаа алуу үчүн сертификат берилди. Ал эми Баткен облусунун Раззаков шаары "Эң таза шаар" аталып, таштандыларды сорттоо линиясына сертификат тапшырылды.

Ошондой эле Чүй облусунун Орловка шаарына конкурстун өнөктөштөрү — «Хельветас» уюму тарабынан Швейцариянын «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында даярдалган кошумча сыйлык, үч дөңгөлөктүү мотороллер ыйгарылды.

Иш-чаранын алкагында экология тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон өнөктөштөргө да сыйлыктар тапшырылды.
"Мындай конкурстардын өткөрүлүшү аймактарды көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыкты тажрыйбаларды жайылтууга, ошондой эле муниципалитеттер аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан