
Өлкө аймагында бир сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 30-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Берилген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 2, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Чүй облусунда 3 өрт кырсыгы катталды.
Өрттү өчүрүүгө 14 күжүрмөн эсеп тартылды.