Майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби бекитилди

30-31-декабрда республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда саламаттык сактоо министри билдирди.

Маалым болгондой, бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат. Ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

1-9-январь аралыгында - жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан