Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Билдирүүгө ылайык, жер силкинүү 29-декабрда саат 23:30да болгон. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Алай тоо кыркасында жайгашкан. Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым, Ош шаарынан 133 чакырым түштүк-чыгышта катталган.
Өлкөнүн калктуу пункттарында жер титирөө сезилген эмес.