Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
ӨКМ жарандарга шамал учурунда коопсуз жайларда болууну жана кырсыкка кабылыа же анын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдирүү керектигин эскертет.