Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жаңы жылга карата тартылган видео менен бөлүштү.
Майрамга карата аталган башкармалык кызматтык унаалар менен өзгөчө символикалык иш-чара уюштуруп, 2026 деген сан түрүндө сапка тизилишкен.
"Иш-чара жарандарга болгон сый-урматтын белгиси болуп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат тынымсыз уланып жатканын айгинелейт", - деп билдирет башкармалык.
Ошондой эле кайгуул кызматы шаар тургундарына жол эрежелерин сактоону эскертип өттү.