
Кеминде айылга түшүп келген ак илбирсти кармашты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл китепке киргизилген жаныбар кечээ, 29-декабрда кечки саат 23:20 чамасында Боролдой айылына түшүп келгени байкалган. Ак илбирс катталган жерге Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын өкүлдөрү барып, жаныбарды кармашкан.
Учурда Экология министрлигинин адистери илбирсти текшерип жатышат. Жаныбардын ден соолугу жакшы болсо жаратылышка коё берилет.