Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спорттун улуттук түрлөрү боюнча номинациялардын жеңүүчүлөрүнүн тизмесин жарыялады.
Алар:
- Спорттун улуттук түрлөрү боюнча "Жылдын мыкты спортчусу" – Мусабек уулу Азизхан (кыргыз күрөшү, алыш бел боо күрөшү).
- Спорттун улуттук түрлөрү боюнча "Жылдын мыкты спортчу айымы" – Анарбекова Айжан (кыргыз күрөшү, алыш бел боо күрөшү).
- Спорттун улуттук түрлөрү боюнча эркектер арасында "Жыл жаңырыгы" – Сагынали уулу Иманали (алыш бел боо күрөшү).
- Спорттун улуттук түрлөрү боюнча айымдар арасында "Жыл жаңырыгы" – Бейшеналы кызы Бегай (кыргыз күрөшү).
- "Жылдын меценаты" – Шадыбеков Алтынбек Дилдебекович.
- Спорттун улуттук түрлөрү боюнча "Жылдын мыкты машыктыруучусу" – Айтмурза уулу Азизбек.