
Жаңы жыл майрамынын алдында аймактарга каттаган кошумча автобустар ишке кирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-декабрдан тартып каттамдар жетиштүү санда уюштурулуп, жол кире акысы көзөмөлгө алынган.
"Бишкек автобекетинен Ысык-Көл, Нарын жана Талас багыттарына 364 пландуу каттам каралган. Мындан тышкары 101 автобус кошумча рейстер үчүн резервге коюлган. Ушундай эле резервдеги автобустар 2026-жылдын 8–12-январы аралыгында да колдонулат", - деп билдирди министрлик.
Ошондой эле министрлик жол киренин негизсиз көтөрүлүшүн болтурбоо боюнча ташуучуларга жана автобекеттерге эскертмелер берилгенин кошумчалады.