Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 жаран изделүүдө
Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, окуя Аламедин-1 кичи району тарапта болгон. Аларды издеп-куткаруу иштерине саат 09:05те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Каналга түшүп кеткен жарандар "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери экени айтылууда. Алардын бири сууга түшүп кетип, экөө жардамга келгенде суу агымы алып кеткен. Бирок бул жаатта расмий маалымат бериле элек.