Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасында Чыңгыз Айтматов көчөсүнө жаңы салынган жер астындагы өтмөктүн видеосун жүктөдү.
Ал жаңы салынган жер өтмөктө дагы кошумча иштер аткарыларын белгиледи. Ошондой эле Алиев жакын арада Айтматов көчөсүнө дагы төрт өтмөк куруларын билдирди.
Вице-мэрдин айтымында, долбоор боюнча жер үстүнөн өтүүчү жай салынмак, бирок элдин суранычы менен жер астынан өтүүчү жай курулган.