Биз социалдык тармакта

Министрге кат жазган окуучуларга баалуу белектер тапшырылды (видео)

Ички иштер министри Улан Ниязбековго кат жазган окуучуларга баалуу белектер тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Талас шаарынын 6-классынын окуучусу Бекинова Раяна жана Талас облусунун Көк-Ой айылынын 2-классынын окуучусу Рыспаев Асанали министрге кат жолдошкон. Каттарында окуучулар келечекте ички иштер органдарында кызмат өтөп, мекенге кызмат кылуу тилектерин билдиришкен.
"Окуучу балдардын тилектеринин бири ишке ашып, Раяна менен Асанали Талас облустук ички иштер башкармалыгына барып, алар үчүн тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Окуучуларды башкармалыктын башчысы Бактыбек Нарчаев тосуп алып, имарат менен тааныштырып, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди",- деп билдирди министрлик.
Ошондой эле балдарга планшет, MacBook Air 15 үлгүсүндөгү ноутбук, таттуу белектер тапшырылган.
Министрге кат жазган окуучуларга баалуу белектер ташырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан