
О! мобилдик оператору кыргызстандыктарды келе Жаңы жыл менен куттуктайт жана өзүнүн сатуу жана тейлөө кеңселеринин (СжТК), ошондой эле бүткүл өлкө боюнча O!Store дүкөндөрүнүн майрам күндөрүндөгү иш убактысы жөнүндө маалымдайт.
Керектүү кызматтарды өз убагында кошуу, белектерди сатып алуу же балансты толуктоо үчүн төмөндөгү графиктин өзгөртүүлөрү менен таанышыңыз:
2025-жылдын 31-декабрында өлкө боюнча көпчүлүк кеңселер саат 16:00гө чейин кыскартылган график боюнча иштейт. Борбор калаадагы ири соода борборлорунун филиалдары бул күнү адаттагыдан узагыраак иштейт:
2026-жылдын 1-январы бүтүндөй тейлөө тармагы үчүн дем алыш күнү деп жарыяланды, төмөнкүдөн башка:
2026-жылдын 2-январынан баштап көпчүлүк кеңселер кадимки режимде иштей баштайт. Бирок, бир нече өзгөчөлүктөр бар:
Үйгө жеткирүү жөнүндө
ostore.kg интернет-дүкөнүнүн курьерлери Бишкек шаарынын ичинде буйрутмаларды 31-декабрь саат 21:00гө чейин кабыл алышат жана жеткирип беришет. Андан соң жеткирүү кызматы майрамдык эс алууга чыгып, өз ишин кайрадан 2-январдан тарта кадимки тартипте улантат. Майрамдык белектер өз убагында жеткирилиши үчүн сатып алууларыңызды алдын ала пландаштырууну сунуштайбыз.
Онлайн-тейлөө 24/7. Эсиңиздерге салабыз, майрам күндөрү көпчүлүк маселелерди үйдөн чыкпай эле аралыктан чечсе болот:
Келүүңүздү алдын-ала пландаңыз жана О! менен байланышта болуңуз!
Кененирээк: o.kg | КР МТжБМК караштуу МБК лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК 06.12.2016-ж. № 16-0062-КР жана № 16-0063-КР