Биз социалдык тармакта

Токмокто үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган 49 жаштагы жаран октябрь айында баласы сол колун сындырып салганын айткан. Шектүү ал учурда мас абалда болуп, одоно сөздөрдү да айткан.

Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун ден соолугуна анча оор эмес деңгээлдеги зыян келтирилгенин аныктаган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан