Бүгүн, 30-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 44 даана кызматтык унаанын ачкычын тапшырды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, унаалардын жалпы баасы 92,6 миллион сомду түзөт. Мамлекеттин өз каражатына сатып алынган унаалар министрликтин Суу ресурстары кызматына жана Балык чарба департаментине берилмекчи.