Бишкекте алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин районунун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр январь айынан июнь айына чейин шектүү жабырлануучунун 4 миллион 650 миң сомун көбөйтүп берем деген шылтоо менен алып, бирок убадасын аткарган эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.