Биз социалдык тармакта

Казакстанда экс-аткаминерлердин чет өлкөгө чыгышына чектөө киргизилиши мүмкүн

Казакстан Мажилисинин депутаты Ермурат Бапи мурда жогорку кызматты ээлеп келген адамдардын, анын ичинде экс-президент менен министрлердин чет өлкөгө чыгуусун мыйзам аркылуу чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Депутаттын айтымында, демилгенин максаты – улуттук коопсуздукту камсыз кылуу. Ал мындай тажрыйба айрым өлкөлөрдө, анын ичинде Кытайда колдонуларын белгилеген.

Бул сунуш Нурсултан Назарбаевдин Орусия президенти Владимир Путин менен Кремлде жолугушуусунан кийин айтылган. Белгилесек, бул алардын 2025-жылдагы экинчи жолугушуусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан