Жүк ташуучу унааны айдаган жашы жете элек айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайгуул кызматы түнкү рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан.
Текшерүү маалында айдоочуда айдоочулук күбөлүк жок экени жана жашы жете электиги аныкталган. Ал эми өспүрүм айдоочу бир фирмада жүк ташып иштей турганын билдирген.
Бул факт мыйзам талаптарынын одоно бузулушу болуп саналат жана жол кыймылынын коопсуздугуна түз коркунуч жаратат. Аталган факт боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, унаа айып короосуна коюлду.