Президент Садыр Жапаров орусиялык кесиптеши Владимир Путиндин Новгород облусундагы мамлекеттик резиденциясына жасалган чабуул тууралуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.
"Бул Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча учурдагы сүйлөшүү аракеттерине доо келтирет", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.