Биз социалдык тармакта

Каналга түшүп кеткен "тазалыкчыларды" издөөгө 150 киши тартылды

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жарандарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү аталган министрликтен жалпы 90 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер, Бишкек шаардык мэриясынан 30 кызматкер, жалпы 150 адам тартылды.

Издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов координациялап жатат.

Белгилей кетсек, 30-декабрда аталган каналга үч жаран түшүп кетип, алардын биринин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда калган эки адамдын (1963-жылы туулган Ж.Ж. жана 1966-жылы туулган Ж.Т.) сөөгүн издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жургүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан