Жети-Өгүз районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышы боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2008-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө жалпы 8 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өтүп кеткендиги аныкталган.
Натыйжада баасы 7 миллион 815 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.