Кечээ, 30-декабрда "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын салтанаттуу тапшыруу аземи өткөрүлдү.
Сыйлоо аземинде "Бейиш эненин таманында" тасмасынын каармандары Анаркүл Назаркулова "Эң мыкты актриса" жана Эмил Эсеналиев "Эң мыкты актёр" наамы менен сыйланышты. Фильмде Эмил Эсеналиев апасын Меккеге жеткирүүгө умтулган баласынын образын, ал эми Анаркүл Назаркулова апасынын ролун жаратып, көрүүчүлөргө күчтүү таасир калтырышкан.
"Ак илбирс" сыйлыгы - Кыргызстандын улуттук кино сыйлыгы, ал 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет жана жылдын мыкты тасмаларын, актёрлорун, режиссёрлорун жана башка маданияттын мыкты кызматкерлерин сыйлоого багытталган.