Легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин алтын менен капталган унаасы аукционго коюлат

Легендарлуу америкалык мушкер Мухамед Али 1959-жылы ээлик кылган алтын түстүү Mercedes үлгүсүндөгү унаа аукционго коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1959-жылы мушкердин карамагында болгон автоунаа аукционго февраль айында коюлат. Аукционду белгилүү телеканалдардын бири уюштуруп жатат. Алтын менен капталып, кымбат баалуу таштар менен жасалгаланган унаанын баасы 1,5 миллион долларды түзөт. 

Мухаммед Али профессионалдык рингге 60-жылдардын башында чыга баштаган. Үстүбүздөгү жылы 17-январда ал 72 жашка толду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shekerbek
2014-01-21 17:20:22
ТОРТУ жакты
0
bairam09
2014-01-21 20:58:50
Торту Сонун го
0
zaika_84
2014-01-21 22:16:36
Тортпу ушу???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан