Бүгүн, 31-декабрда Баткен шаарында саат 22:00дө эле шаардын борбордук аянтынан элди таратып жатышат. Бул тууралуу Баткен шаарынын тургуну биздин медиа порталга билдирди.
Анын айтымында, учурда борбордук аянтта жарыктар өчүрүлүп, жаңы жылдык балатынын да жарыгы өчүрүлгөн. Ошондой эле милиция кызматкерлери жарандарды үйлөрүнө кайтууга чакырып, элди аянттан чыгарып жатышат.
Шаар тургуну бул жагдайга нааразычылыгын билдирип, "Бүгүн майрамбы же майрам эмеспи?" деген суроону узатты.