Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда 1-январга карата жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

Бүгүн, 1-январда республиканын бардык негизги унаа жолдорунда жана ашууларында күн бүркөк болгону менен жолдор ачык жана каттамдар үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, бардык ашууларда жана унаа жолдорунда жол кыймылына эч кандай чектөө коюлган эмес. Жол тейлөө кызматкерлери күн сайын тазалоо, музга каршы инерттик материалдарды чачуу жана башка жол коопсуздугун камсыз кылуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Министрлик айдоочуларды кыш мезгилине ылайык даярдык көрүүгө, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга жана жол эрежелерин бекем сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан