Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын борбордук аянтынан Жаңы жыл майрамынан кийин 20 метр куб таштанды чыгарылды

Жаңы жыл майрамынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтында тазалоо иштери жүргүзүлүп, жалпы 20 метр куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамдык кечеден кийин, 31-декабрдын кечинде 10 метр куб таштанды жыйналып, 1-январдын таңында дагы кошумча 10 метр куб таштанды чыгарылган.

"Тазалык" кызматтары борбордук аянтты кайрадан иретке келтирүү иштерин үзгүлтүксүз улантып жатышат. Мэрия шаар тургундарын коомдук жайларда тазалыкты сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан