Биз социалдык тармакта

Жаңы жыл күнү 367 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Өлкөдө бир сутканын ичинде жалпысынан 365 төрөт катталып, анын төртөө эгиз төрөт болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасында - 2 эгиз, Бишкек шаардык перинаталдык борбордо - 1 эгиз, Ош шаардык төрөт үйүндө - 1 эгиз төрөт кабыл алынган.

31-декабрь күнү саат 08:00дөн 1-январь саат 08:00гө чейинки аралыкта республика боюнча жалпысынан 367 ымыркай төрөлгөн. Анын ичинен 177си уул бала, 190у кыз бала. Ошондой эле 9 кесарево операциясы жасалды.

Жаңы жылдын алгачкы ымыркайы Чүй облусундагы Ысык-Ата жалпы дарыгердик практика борборунда так саат 00:00дө жарык дүйнөгө келди. Салмагы 3 килограмм 915 грамм болгон бул ымыркай - кыз бала.

Мындан тышкары, 1-январь саат 00:00дөн 00:10го чейинки аралыкта республика боюнча дагы 11 бала төрөлгөн. Алардын 5өө кыз, 6сы уул бала.

Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда катталып, 81 төрөт кабыл алынды. Ош шаарында жана Ош облусунда - 68, ал эми Бишкек шаарында 69 төрөт катталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан