Биз социалдык тармакта

Дүйнөлүк жылдыз Криштиану Роналду Түркмөнстанга барат

Футбол боюнча Азия чемпиондор лигасынын экинчи турниринин плей-офф баскычына чүчү кулак тартылып, 16 команда 1/8 финалдын жуптарына бөлүндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, чүчү кулактын жыйынтыгында Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубу, курамында дүйнөгө белгилүү футболчу Криштиану Роналду ойногон команда, Түркмөнстандын учурдагы чемпиону "Аркадаг" клубу менен беттешмей болду.

1/8 финалдын алгачкы беттештери февраль айына белгиленген.

Белгилей кетсек, тайпалык баскычта "Аль-Наср" Тажикстандын "Истиклол" клубу менен бир тайпада ойногон. Бирок Сауд Арабиясынын клубу Дүйшөмбү шаарында өтмөк болгон беттешке, бир нече жыл мурдагыдай эле, барган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан