
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, жаңы жыл түнү борбор калаада коомдук абал туруктуу жана тынч болду.
Коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу максатында 2700дөн ашык ички иштер кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Милициянын координацияланган аракеттеринин натыйжасында коомдук тартипти бузуу же өзгөчө кырдаалдар катталган жок.
Ошондой эле башкармалык эскерткендей, 29-декабрдан 8-январга чейин борбор калаанын милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын улантышат. Бул мезгилде майрамдык жана дем алуу күндөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн кошумча чараларды көрүшөт.