Италияда 3 жаштагы бала уюшкан кылмыштуу топтун курмандыгы болду

Италиянын Кассано-алло-Йонио шаарында 3 жаштагы бала уюшкан кылмыштуу топтун курмандыгы болду. Анын жансыз денеси менен кошо 52 жаштагы чоң атасы жана анын 27 жаштагы тааныш кызынын сөөгү табылган. Бул тууралуу 20-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, кылмышкерлер үчөөнү тең өлтүрүп, денелерин автоунаада күйгүзүп салышкан.

Баланын чоң атасы Яничелли "баңгизаттарын ташуу менен алектенет" деп шектелип үй камагында жаткан. Мындан сырткары 2012-жылы адам уурдоо жана зордуктоо фактылары боюнча кылмыштарга шектелген.

Каза болгон жаш баланын ата-энеси маңзат ташуу менен алектенгендиктен абакта отурушат. Ошондон улам ал чоң атасы менен жашап турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sagy
2014-01-21 17:36:57
Ошондуктан жон жашаш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан