Биз социалдык тармакта

Түркия Кытай туристтеринин агымын жеңилдетти

Түркия 2-январдан тартып кытай жарандары үчүн визасыз кирүү режимин киргизет.

Түрк басылмалары жазгандай, эми адаттагы паспортко ээ кытай туристтер жана транзит менен келгендер 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин визасыз Түркияга бара алышат.

Бул чечим эки өлкөнүн туризм жана соода алакасын бекемдөө максатында кабыл алынган. Соңку жылдары Кытайдан келген туристтердин саны кескин көбөйүп, Түркиянын эң тез өсүп жаткан туристтик базары болуп калды.

2024-жылы Түркияга келген кытай туристтердин саны 65 пайызга өсүп, болжол менен 410 миң адамга жеткен. Бул өсүшкө жакшыртылган аба каттамдары жана өлкөнүн маданий мурастарына болгон кызыгуу шарт болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан