Нью-Йорктун жаңы мэри Зохран Мамдани ант берип, шаардын тарыхында алгачкы мусулман мэр болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, ал антты Куран кармап берген. Шайлоодо сенсациялуу жеңишке жетишкен Мамдани бул кызматта Эрик Адамстын ордун басты. Эрик Адамс Нью-Йорктун тарыхындагы экинчи афроамерикалык мэр болгон.
34 жаштагы Мамдани төрт жылдык мөөнөткө шайланып, арзан азык-түлүк дүкөндөрүн ачуу, айрым райондордо батир ижара акысын бир калыпта калтыруу жана автобустарда жол кирени жокко чыгаруу демилгелерин сунуштоодо.