Тышкы иштер министрлиги 1-январга караган түнү Швейцариянын Кран-Монтана тоо-лыжа курортунда чыккан өрттөн улам болгон кырсык боюнча билдирүү жасады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги жергиликтүү тиешелүү органдар менен ыкчам байланыш түзүп, жабыркагандардын арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактоодо.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, каза болгондордун же жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.
ТИМ кырдаалды көзөмөлдөп турат жана кошумча маалыматтар тактала турганын белгиледи.