Биз социалдык тармакта

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцариядагы кырсык боюнча көңүл айтты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцариянын тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассиске Кран-Монтанадагы лыжа базасында болгон жарылуу жана өрт боюнча көңүл айтты.

ТИМдин маалыматына ылайык, катта министр орун алган каргашалуу окуядан улам адамдардын каза болгонун терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирген.

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан бул кайгылуу окуядан улам каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада жана толук айыгып кетишин каалайм",- деп айтылат көңүл айтуу катында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан