Биз социалдык тармакта

Бишкекте үч автобус каттамынын багыты убактылуу өзгөртүлдү

1-январдан тарта Бишкек шаарындагы №33, №8 жана №55 автобус каттамдарынын кыймыл чиймелери убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чара Чыңгыз Айтматов проспектинин Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн жабылышына байланыштуу кабыл алынган.

Муниципалитет шаар тургундары менен конокторун түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан