Бириккен Араб Эмирлигинин борбору Абу-Даби шаарында 2026-жылды тосуп алуу түнүндө дүйнөлүк рекорд жаңырды. Жаңы жыл майрамына карата шаарда масштабдуу фейерверк жана дрондор менен коштолгон майрамдык шоу уюштурулду.
Майрамдык иш-чаранын алкагында асманга бир убакта 6 500 дрон көтөрүлүп, дүйнө жүзүндөгү эң ири шоулардын бирине айланды.
Негизги жетишкендик – фейерверктин үзгүлтүксүз 62 мүнөткө созулушу болду. Бул көрсөткүч менен Абу-Даби дүйнө рекордун жаңылап, жаңы жетишкендикке ээ болду. Буга чейинки рекорд да ушул шаарга таандык болуп, 2019-жылы 50 мүнөттүк фейерверк менен белгиленген эле.