Дүйнөгө таанымал MTV телеканалдары — MTV Music, MTV 80s, MTV 90s, Club MTV жана MTV Live жакын арада толугу менен жабылат. Бул тууралуу америкалык Collider басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1981-жылы музыка сүйүүчүлөрү үчүн башталган канал эми өзүнүн тарыхый миссиясын аяктап, 24 сааттык музыкалык берүү форматындагы каналдарын токтотууда.
"Эгер жаштыгыңыз көз алдыңызда кетип жаткандай сезилсе — бул чындыкка жакын. 44 жылдан кийин MTV биз билген түрүндө жок болду",- деп жазылат билдирүүдө.
MTV HD негизги телеканалы АКШда ишин улантат, бирок мындан ары анын контенти музыкалык клиптерге эмес, көбүнчө көңүл ачуу берүүлөрүнө жана реалити-шоулорго багытталат.