Бир катар кыргызстандык жогорку кызмат адамдары Сауд Арабиясына барып, умра зыяратын (кичи ажылык) аткарышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов социалдык тармактардагы баракчасына жарыялап, тиешелүү сүрөттү бөлүштү.
Сүрөткө президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков жана башка мамлекеттик кызматкерлер чогуу түшкөн.
Белгилей кетсек, умра — бул Меккедеги касиеттүү мечитке барып, зыярат кылуу менен аткарылуучу кичи ажылык. Ал жылдын каалаган учурунда, негизги ажылык мезгилинен тышкары убакта аткарылат.