Чүй облусунда адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгын жаратып, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-январь күнү Бишкек–Торугарт унаа жолунда оор жүк ташуучу SHACMAN үлгүсүндөгү унаа велосипед менен бараткан 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2010-жылы туулган Н.А. аттуу бала алган жаракатынан улам каза болгон. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
ЖКККББнын ыкчам издөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Р.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.