Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 3 баллдык жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-январга караган түнү саат 00:55те Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө болду.

Жер титирөөнүн магнитудасы 3 баллды түзүп, анын эпицентри Заалай кырка тоолорунун аймагында – Ачык-Суу айылынан 18 чакырым түштүк-чыгышты көздөй жана Ош шаарынан 127 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөө Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан