Иранда антиөкмөттүк нааразычылык акциялары алты күндөн бери уланууда.
Чет элдик басылмалдар жазышкандай, жашоо наркынын кымбатташы жана инфляциянын 42,5 пайызга жетиши өлкө боюнча митингдерге себеп болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кеминде алты адам каза тапты.
Иран риалынын курсу декабрдын аягында рекорддук төмөн деңгээлге түшүп, 1 доллар 1,39 миллион риалды түзгөн. Өкмөт нааразычылык акциялары болуп жатканын моюнга алып, митингчилердин мыйзамдуу талаптарын угууга жана диалог түзүүгө даяр экенин билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран бийлигин эскертип, тынч митингчилерге карата күч колдонулса, АКШ жардамга келиши мүмкүн экенин айтты.