Биз социалдык тармакта

Салют атмакчы болгон... Манаста автоээнбаштык кылган айдоочу айыпка жыгылды

Манас шаарынын “Азаттык” аянтында автоээнбаштык кылган айдоочуга айып пул салынып, унаасы айып короого киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, айдоочу борбордук аянттын кирүүгө тыюу салынган бөлүгүнө унаасы менен кирип, фейерверк жардыруу аркылуу жарандарга кооптуулук жараткан.
Аталган факт боюнча айдоочуга 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, унаасы айып короого киргизилди.
Манас шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана айдоочуларды коомдук жайларда тартипти сактоого, жол эрежелерин так аткарууга чакырат.
Манас шаарында
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан