Биз социалдык тармакта

Опера жана балет театрына дүйнөлүк деңгээлдеги концерттик рояль сатып алынды

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында баасы 25 миллион сомду түзгөн “Steinway & Sons” компаниясынын концерттик роялы орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жаңы музыкалык аспап театрдын чоң сахнасында симфониялык оркестрлер жана дүйнөлүк деңгээлдеги аткаруулар үчүн колдонулат. Роял театрдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана классикалык музыканы өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, Steinway & Sons роялдары дүйнө жүзүндөгү алдыңкы концерттик залдарда колдонулуп, профессионал пианисттер арасында эң жогорку баага ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан