Биз социалдык тармакта

Бишкекте балдар ооруканасынын дарыгери каза болду. Милиция текшерүү жүргүзүүдө

Бишкекте шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгер-реаниматологу Айгүл Зибирова 2-январда каза болду. Бул тууралуу мекеменин социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.
Билдирүүдө айтылгандай, дарыгер 2019-жылдан тартып шаардык балдар ооруканасында эмгектенип, алгач медайым болуп иштеген. Кийин дарыгер-ординатор, андан соң дарыгер-реаниматолог катары жандандыруу жана токсикология бөлүмүндө үзүрлүү кызмат өтөгөн.
"31-декабрь түнү ал нөөмөттө болгон. 2-январь күнү анын каза болгону тууралуу кабар айтылды", - деп жазылат анда.
Борбордун Октябрь райондук милициясы аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.
"Бардык керектүү экспертизалар дайындалды", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан