
Бүгүн, 4-январь саат 10:30га карата республиканын негизги ашууларында жол кыймылы толук камсыздалып, бардык багыттарда каттам ачык.
Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан унаа жолдордо жана ашууларда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммукациялар министрлиги жарандарды кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону эскертти.