Социалдык тармактарда UFC'нин аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун жыл башындагы жаңы образы көпчүлүктү суктандырды.
Анда кызыл көйнөк кийген спортчу айым аттын жанында сүрөткө түшүп, 2026-жыл ийгиликтин, жеңиштин, сүйүүнүн жылы болсун деген ниетин билдирген.
Айта кетсек, Валентина Шевченко өзүнүн ар түрдү образдары менен күйөрмандарынын жогорку баасына татып келет. Ал кыргыз көйнөк менен түшкөн сүрөттөрүн дагы байма-бай жарыялап келет.


