Биз социалдык тармакта

Бишкек милициясы коомдук тартипти сактоого чакырат

Жаңы жыл майрамдары учурунда Бишкек ИИББинин атайын камоочу жайы жана кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-декабрдан 8-январга чейин милиция кызматкерлери жогорулатылган даярдык деңгээли менен коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды жүргүзөт.

Бүгүнкү күндө сот чечимдерине ылайык, 120дан ашык адам административдик мыйзам бузуулар үчүн атайын камоочу жайга жеткирилди. Мындай чаралар укук бузуулардын алдын алууга жана коомдук тартипти бекемдөөгө жардам берери жазылган.

Милиция шаардын тургундарын жана конокторун коомдук тартипти сактоого, мыйзамга баш ийүүгө жана бири-бирине урмат көрсөтүүгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан